Арсен Эралиев 60 килограммдык салмакта грек-рим күрөшү боюнча 2013-жылдагы Кыргызстандын чемпиону болду. Бул тууралуу КРнын Грек-рим федерациясынын басма сөз кызматы билдирди.
Айта кетсек, 11-мартта Бишкек шаарындагы Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда грек-рим күрөшү боюнча Өлкө чемпиондугу башталган. Ага өлкөнүн аймактарынан келген 150 спортчу катышты. Мелдештин 2-күнүндө Арсен Эралиев Урматбек Акматовду жеңип алды.