Куудул, пародист Талант Анарбаев “Мигрант” аттуу жаңы ыр жаздырды. Ырдын сөзү Талант Моңолбаевге, обону куудулдун өзүнө таандык. “Ырдын мааниси Орусияда жүргөн мекендештерибиз тууралуу. Аларды өз кучагына батырып жаткан Москва шаары жөнүндө да айтылат”,- деди Талант мырза.