Бишкекте "Ислам мамлекети" террордук уюмунун мүчөлөрү тарабынан бычакталган абройлуу дин адиси Кадыр Маликов жаштарга кайрылуу жасады. Эксперттин айтымында, ал ага кол салгандарды кечирет.
"Урматтуу кыргыз жергесинин жаштары!
Биз жакын адамга кылган мамилебиз менен ишенимибизди көрсөтүшүбүз керек. Кимдир бирөөнү далилсиз айыптоо болбош керек. Ар бирибиздин жүрөгүбүздө эмне бар экенин Жараткан гана билет.
Жараткандын алдында мага кол салгандарды кечирем, бирок алар бул дүйнөдө адилеттүү жазасын алышы керек. Террорчулук менен күрөшүүдө куралдын күчү гана эмес, адилеттүүлүк, кечиримдүүлүк, ачык ишеним, агартуу жана билим жеңет. Бул оор жана көпкө созулган процесс. Биз биргеликте кыргыз жергесинде иштейбиз. Мен Алла Тааладан ар бир үйгө, ар бир үй-бүлөгө ынтымакты жана туруктуулукту суранам. Биз баарыбыз биргеликте дагы көп иштерди аткара алабыз. Бизге азыр биримдик жана бири-бирибизди колдоо керек. Биз бири-бирибизди сыйлашыбыз керек, ар бир адамдын коопсуздукка укугун жана адамдын өмүрүн баалашыбыз керек",- деп жазылат Маликовдун кайрылуусунда.
Эскерте кетсек, ушул жылы 26-ноябрда Бишкектин Асанбай кичи районунда белгисиз адамдар дин маселелери боюнча абройлуу адис Кадыр Маликовду бычактап кетишкен.