1-класстын окуучусу Даниэлдин апасы Астра Макелеева жумушка эрте кеткендиктен, баласын мектепке алып бара алган эмес. Бул тууралуу ал бүгүн, 14-декабрда SUPER.KG порталына билдирди.
"Менин 3 балам бар болчу: 2 кызым жана мыкаачылык менен өлтүрүлгөн уулум. Улуу кызым Нарында, чоң энесинин колунда, андан кийинки кызым жана уулум мени менен жашачу. Мен тигүүчү болуп иштеп, аларды өзүм бакчумун. Алардын атасы менен ажырашкам. Ал Орусияда башка аялы менен жашайт.
Баламды өлтүргөн аял менен таанышканыбызга көп эле болгон. Ал аял менен чогуу иштечүбүз. Ал менин абалымды курбуларымдан сурап жүрчү экен. Даниэлге "Кириешки" алып берип өзүнө жакындаткан.
Окуя болгон күнү мен жумушка эрте кеткем. Балам менен отуруп акыркы жолу аны менен чай ичиптирмин. Кызым ооруп калып мектепке барган эмес. Уулум мектепке саат 10:30 чамасында чыкканда аял аны менен маршруткага отуруп, "Ош базарына" барышкан. Ал жерден "Кириешки" алып берген экен. Андан соң Күн-Тууга алып барып, уктатуучу дары берип өлтүргөн. Анан мага телефон чалып "сага жагымдуу жаңылыгым бар" деп, телефонун өчүрүп салган",- деп ыйлап айтып берди Астра айым.
Эскерте кетсек, 10-декабрда милицияга 33 жаштагы Астра аттуу жаран кайрылып, анын баласын белгисиз адамдар уурдап, кайтарып берүү үчүн 150 миң сом талап кылып жатышканын айткан.
Бул факт боюнча "өмүргө жана саламаттыкка коркунуч келтирген зомбулук көрсөтүү менен жашына жете элек баланы уурдоо" беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон. Тергөө амалдарынын жүрүшүндө 10-декабрда саат 10:00дө 2008-жылкы Даниэль үйүнөн чыгып, мектепке жетпей дайынсыз жоголгону аныкталган. Ошол эле күнү саат 15:19да баланын апасынын телефонуна: "Акмак, сенин ханзаадаң менин жанымда. Тирүү бойдон кайтарып алгың келсе, 150 000 сом даярда. Эч кимге айтпа. Айтсаң кызыңды да жоготосуң. Эч ким жардам бербейт. Эртең 7де акчаңды даярда, кайра чалам!" деген смс-кат келген (смс-кат орус тилинен которулду - SUPER.KG).
Ыкчам иликтөө амалдарынын жүрүшүндө 11-декабрда аталган кылмышка шектүү катары 39 жаштагы А.Майрам аттуу аял кармалды. Анын Жалал-Абад облусунда туулганы жана буга чейин уурдоо жана алдамчылык боюнча соттолгону аныкталды. Суракта А.Майрам акыркы 10 күн ичинде уурдалган баланын үй-бүлөсү жөнүндө маалыматтарды топтоп жүргөнүн айтты. Окуя болгон күнү ал баланы алдоо жолу менен Сокулук районунун Күн-Туу айылына алып барып, суусундугуна димедрол (уктатуучу дары) кошуп уктатып койгонун айткан. Аталган дары өтө көп кошулгандыктан бала каза болуп калган экен. Ошондо аял баланын жансыз денесин чуңкурга таштап салган. Андан кийин ал баланын апасына смс-кат жөнөткөн.
Баланын денесин кароодо айрым жерлеринен көк алалар жана моюнунан жиптин изи байкалган. Учурда тергөө амалдары уланууда.
(Төмөнкү сүрөттөрдө 7 жашар Даниэль апасы жана бир тууган эжеси менен жашаган үй)