LG Electronics өзүнүн колдонуучуларына Smart TV'ны Юлий Цезардын принциби боюнча башкарууну сунуштайт: жандыр, түзөт, көрө бер

LG webOS 2.0 платформасындагы заманбап LED сыналгысы - заманбап телеберүүдөгү мыкты чечим

Бүгүнкү күндө адамга заманбап техниканы башкаруу жеңил эмес жана ыңгайсыз болуп калган. LG Electronics өзүнүн колдонуучулары үчүн Smart TV'ны Юлий Цезардын принциби боюнча башкарууну сунуштайт: жандыр, түзөт, анан көрө бер. Эч кандай татаалдыктар жана тоскоолдуктар жок!

Smart TV - заманбап телеберүүдөгү жаңы доор. Бул функция web-контенттеги оюндарга, ар түрдүү сансыз тиркемелерге (приложение) жана тейлөөлөргө кенен мүмкүнчүлүк ачат. Ошол эле учурда колдонуучулардын көбү Smart TV'нын укмуш мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө биле бирбейт, анткени алар "акылдуу" сыналгыларды колдонуу абдан оор деп ойлошот. Колдонууга оңой, абдан түшүнүктүү, жаңыланган революциялык webOS 2.0 платформасы "акылдуу" телеберүүнүн бардык мүмкүнчүлүктөрүн ача алат. WebOS 2.0 платформасы LG Smart TV'нын 55UB850V жана 49UB850V үлгүлөрүндөгү сыналгыларга орнотулган.

Сыналгынын татаал тескөөлөрү өткөн мезгилде калды. «Home» деген кнопкасын бир эле жолу басканыңызда Smart TV менюсу ТВ-программалардын үстүнөн пайда болуп, көз алдыңызга чыгып калат. LIVE MENU функциясы жана webOS 2.0 платформасынын күчөтүлгөн ылдамдыгы телепрограмманын же Smart TV’нын бирин тандоону унутасыз, анткени биринен экинчисине которуу абдан тез болот. Эми телеберүүлөрдү жана премиум-программаларды көрүүнү, көптөгөн тиркемелер менен иштөөнү бир эле экран аркылуу бир убакта жасаса болот.

Сыналгынын бардык функциялары менен таанышууда сизге Bean Bird аттуу анимациялык персонаж жардам берет. Smart TV’нын укмуштуу функцияларынын дүйнөсүндө Bean Bird сиз менен кошо жүрөт. Эми кызыктуу программаларды издөөгө жана тандоого көп убакытты кетирүүнүн кереги жок. Анткени LG webOS 2.0 платформасы LG Content Store онлайн-дүкөнүндөгү ар кандай тиркемелердин жана оюндардын коллекцияларына ылдам жол ачып берет.

Бардык LED сыналгыларынын аталган үлгүлөрү DVB-T2 тюнери менен жабдылган. Бул жабдык менен эң популярдуу телеканалдарды санариптик сапатта акысыз көрсө болот жана буга кымбат баалуу жабдууларды сатып алуунун кереги жок. LG Electronics өзүнүн сыналгыларына САМ-модулу үчүн атайын слотту эң биринчи болуп орноткон. Ошондуктан LG инновациялык сыналгыларынын ээлери приставкаларды алууга жана бөлмөсүн зымдар менен үймөктөп толтурууга мажбур эмес. Эми антенна жана САМ-модуль жетиштүү, калганынын баары LG сыналгысында бар.

Ошондой эле LG сыналгылары видео-форматтардын басымдуу бөлүгүн көрсөтө алат. Сиз өзүңүздүн сүйүктүү видеолоруңузду USB-флешкаңыздан сонун UHD форматында көрө аласыз.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
balykchy2012
2015-12-14 23:10:34
Оо укмуш экен. Илимдин онукконун карагыла.!
+6
zzz---zzz
2015-12-14 23:21:28
Баасы канча экен, кайсыл дукондон сатып алса болот?
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан