Ырчы Замир Мырзанын “My baby girl” аттуу ырынын клиби жарыкка чыкты. Клипти Дубай шаарында режиссёр Нурсултан Кубатов тарткан. “Клипти январь айында эс алып жүрүп эле тартып койдук. Эч кандай актёр, актрисалар катышкан жок. Анда Дубай шаарындагы өнүккөн туризм тармагын чагылдырганбыз”,- деди Замир Мырза. Айта кетсек, ырдын сөзү Кенжегул кызы Алмагүлгө, обону Мирлан Ниязов менен ырчынын өзүнө таандык.