Бүгүн, 19-декабрда Түркиянын Стамбул шаарында "Turkvizyon-2015" Эл аралык сынагынын гранд-финалында мамлекетибиздин атынан чыккан ырчы Жийдеш Идирисова "Ким билет?" аттуу чыгармасын мыкты аткарып, 1-орунду ээледи. 2-орунга казакстандык музыкалык топ ээ болду, 3-орунду Түркия мамлекети алды.
Айта кетсек, "Евровидение" популярдуу ырлар сынагынын аналогу катары саналган "Turkvizyon" Эл аралык сынагында жеңүүчүнү көрүүчүлөрдүн добушу эмес, калыстар тобу берген баалар аныктайт. Ошондой эле кийинки сынак жеңген ырчынын мекенинде эмес, "Түрксой" маданият министрлеринин туруктуу кеңешинин чечиминин негизинде кайсы өлкө түрк дүйнөсүнүн маданий борбору аталса, ошол мамлекетте өтөт. 2014-жылы сынак Татарстандын Казань шаарында өткөн эле.