Төрөбай Зулпукаров өкмөт башчыга "Казино ачууну сиз колдоп жатсаңыз, бул уят иш. Эки ишкердин кызыкчылыгы элдин кызыкчылыгынан өйдө болуп жатабы?" деп айтты

Өкмөт "Манас" аэропортуна туристтер үчүн казино ачууну демилгелеп жатканын өкмөт башчы Темир Сариев өлкөнүн 2016-жылга республикалык бюджети жана 2017-2018-жылдарга болжолу жөнүндө мыйзам долбооруна арналган парламенттик угууда билдирди. Аталган демилгеге депутат Төрөбай Зулпукаров каршы чыкты. Зулпукаров өкмөт башчыны эки бизнесмендин кызыкчылыгын элдин кызыкчылыгынан өйдө койбоого чакырды. "V чакырылыштын депутаттары казино элдин ден соолугуна, каржылык, психикалык абалына терс таасирин берип келгени үчүн жапкан. Бүгүн өкмөт башчы кайра ачууну көздөп жатканы уят, Темир Аргенбаевич, сиз каршы чыгышыңыз керек.

Биз казинолорду жапкандан кийин ишкерлер миллиондогон акчаларын парламентке сунушташкан, бирок кире алышкан эмес. Бүгүн өкмөткө барыптыр. Эгерде казино ачыла турган болсо, бул парламент, бул өкмөт тарыхта эң жаман парламент, өкмөт болуп калат. Эки бизнесмендин кызыкчылыгы элдин кызыкчылыгынан өйдө болуп жатабы? Парламент деле элдин каршы чыкканынан улам кресло сатып алуудан баш тартып койду. Өкмөт казынаны толтурууну максат кылганы менен, казино иштетүү - кылмыш",- деди Зулпукаров.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан