super.kg logo
  Саясат  

Мамлекет башчы: "Мен пландарымды дароо айтуудан карманам, анткени айтылбай турган сөз ачыкка чыгып кетет экен"

 

Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 24-декабрь күнү жыл сайын өтүүчү маалымат жыйынын берип жатат. Анда ал кезектеги соболдордун бирине жооп берип жатып: "Кумтөр" иши башынан туура эмес башталган. Ар бир процессти коомчулукка ачык түшүндүрүш керек. "Бөдөнөнү сойсо да касапчы сойсун" деген кеп бар го, бул маселе боюнча да адистер сүйлөсө. Азыр көрүнгөнү чыгып сүйлөп жатат. Айтарым, артык кылам деп тыртык кылып албайлы.
Мен бүгүн кандай жолду ойлоп турганымды дароо айтпайм. Бир жолу парламенттеги фракциялардын лидерлери менен жолугушууда "Менде жакшы ойлор бар. Ушул багытта мыйзамдарды жазып иштесек жакшы болмок, бирок бул сөз ортобузда калсын" деп айттым. Бирок андай болгон жок, көп өтпөй ошол депутаттардын бири парламенттен мен айткан сөздөрдү кыйкырып айтып чыкты",-
деди.

Эске салсак, президент жыл сайын жыл жыйынтыгын чыгаруу максатында журналисттерге чоң маалымат жыйынын берип келет. Бул жолкусу төртүнчүсү.



Алмазбек Атамбаевдин маалымат жыйыны (Толугу менен)

 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(8)
24.12.2015. 12:52 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
283
Катталган:
15-06-2012
Соӊку аракети:
26-07-2016 22:13
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
UAE
+5
Деги сизде план жок да,кана экономиканы онуктуруу планыныз?Кана Элдин турмушун жакшыртуу планыныз?Сизде сонун план бар:СДПКны туболук бийликте калтыруу!башка планынызды Элибиз корбой турат.
24.12.2015. 13:03 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
345
Катталган:
17-07-2014
Соӊку аракети:
20-06-2019 14:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Ошон учун жазып бергенди окуп берсениз жакшы болмок.Озумдун оюмду айтам деп башка терс суйлоп аласыз.
24.12.2015. 13:35 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
56
Катталган:
31-03-2011
Соӊку аракети:
20-06-2019 14:31
Жынысы:
Белгисиз
-5
Жазат десе эле жаза берет экенсинер да,комментаторлор.
24.12.2015. 14:07 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
674
Катталган:
01-09-2015
Соӊку аракети:
03-03-2016 11:24
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
+3
Gema,ар ким оюн жазып жатат. Мисалы президент болууга чейин берген анттарын аткардыбы ? Элибиз өнүкбөй эле, кайра кыйынчылыкка баратабыз.
24.12.2015. 14:39 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
58
Катталган:
17-08-2013
Соӊку аракети:
20-06-2019 13:55
Жынысы:
Белгисиз
+3
Чоң энем айтат эң башкысы тынчтык эле болсун өлкөдө, Калгандары акырын-акырын ордуна келет деп
24.12.2015. 14:41 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
218
Катталган:
16-04-2015
Соӊку аракети:
31-01-2019 11:51
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бакиев Текебаевден кызганчу эле бийликти,Атамбаев да саясий кызганычтан улам Текебаевдин пландары ишке ашпай Олко онукпой келет
25.12.2015. 04:06 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
52
Катталган:
13-06-2012
Соӊку аракети:
30-11-2016 03:24
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
osh
0
Текебаев эле президент болсо кыйратып иеби Ашанын да фанаты эмесмин Бийликке жаны фигура керек
25.12.2015. 12:44 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
250
Катталган:
29-01-2014
Соӊку аракети:
20-02-2019 02:01
Жынысы:
Белгисиз
0
иш туура эмес башталса ошону ондош керекта, анан отуруп алып популисттик кыйкырык менен элди жинди кылбай
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
127829;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: