super.kg logo
  Саясат  

Дастан Жумабеков депутаттарды өкмөткө суроо бергенди чектеп, иштөөсүнө убакыт берүүгө чакырды

 

Жогорку Кеңеште 2016-жылдын республикалык бюджетинин долбоору 2-окууда талкууланып жатат. Саат 10:00дөн бери өкмөткө суроо берүүгө жазылган 70 депутаттын 29у гана суроо берип, калганы кезекте турат. Депутат Дастан Жумабеков чектөө киргизүүнү сунуштап чыкты. "2-3 күндөн бери өкмөттү иштетпей кармап отурабыз. Берчү суроолорду комитеттерде, фракция жыйындарында берип, жоопторун алдык. Эми чектөө киргизип, ар бир фракциядан экиден депутат суроо берсин. Өкмөт иштесин",- деди Жумабеков.

Депутат Мээрбек Мискенбаев каршы оюн билдирди. "Эртеден бери ушул жерде суроо берели деп отурабыз. Бюджет бир жылда бир каралат, суроо берип, жооп алалы",- деди ал.

Чектөө сунушу добушка коюлуп, колдоого алынды.



 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
24.12.2015. 16:01 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
91
Катталган:
16-04-2015
Соӊку аракети:
31-01-2019 11:51
Жынысы:
Белгисиз
0
Дастан Жумабеков партиялашынызга жан тартканызды эч ким билбейт деп ойлойт окшойсуз, анткени мурунку Ак Шумкар эмес, азыркы Кыргызстан партиясын туптоп, шайлоого Темир Сариев катышканын билебиз
24.12.2015. 16:04 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
834
Катталган:
18-04-2014
Соӊку аракети:
16-06-2019 18:21
Жынысы:
Белгисиз
0
Суроо берет тентек ??? Жооп берет тентек???
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
127697;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: