Айта кетсек, шансон ырларынын автору, аткаруучу, обончу, аранжировщик Вилли Токарев 1934-жылы 11-ноябрда туулган. 1974-жылы АКШга көчүп кетип, эмигранттар арасында атактуулукка жеткен. 1989-жылы Советтер Союзуна кайтып келип, 70 ийгиликтүү концерт берген. Ырчы АКШда жана Орусияда 24 альбомун чыгарган. Вилли Токаревдин чыгармачылыгы "Песня тракториста", "Я тут в Америке", "В шумном балагане", "Небоскрёбы" аттуу белгилүү ырлары менен толукталган.
Бүгүнкү күндө Москвада жашайт.