Париждеги 15 жылдан бери тазалана элек Сен-Мартен каналынан 40 тоннадан ашык акыр-чикир чыгышы божомолдонууда. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.
Маалым болгондой, каналдын суусун сордуруу үчүн 3 ай кеткен. Андан 4,5 тонна форель, карп жана лещ кармалып, башка жакка которулган.
Париждин көзгө урунарлык каналын тазалоого жергиликтүү бийлик 9,5 миллион евро короткон. Акыркы жолу ал 2001-жылы тазаланып, ошондо 40 тонна таштанды чыгарылган. Каналга жакын жашаган тургундардын айтымында, Сен-Мартенди туристтер булгоодо.