2016-жылдын 8-январында саат 17:00 чамасында Кызыл-Кыя шаарынын Асаналиев жана Жаштык көчөлөрүндө ок атышуу болгон. Бул тууралуу Баткен ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Анда Кызыл-Кыя шаарынын Тоо-кен техникумунда дене тарбия мугалими болуп иштеген Ноокат районунун Төөлөс айыл аймагынын Өрнөк айылынын тургуну, 1991-жылы туулган Абылкасым уулу Кабылга ок чыгарылган. Аны Кызыл-Кыя шаарынын 35 жаштагы тургуну Азамат Пахиров белгисиз себептерден улам ПМ-9 миллиметр тапанча менен бир нече жолу атып, окуя болгон жерден изин жашырып кеткен.
Окуя болгон жерге Кызыл-Кыя шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөө тобу барып, 6 даана болжол менен ПМ-9 миллиметр тапанчанын гильзаларын жана 1 даана ок табышкан. Кылмышка шектүү Азамат Пахировду кармоо боюнча ыкчам топ түзүлүп, керектүү экспертизалар дайындалды.