УКМК төрагасынын орун басарына "генерал-майор" чини боюнча погон тапшырылды

Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев бүгүн, 11-январда Мамлекеттик чек ара кызматынын башчысы Райимберди Дүйшөнбиевге жана Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары Дүйшөнбек Чоткараевге "генерал-майор" аскердик чини боюнча погондорун тапшырды.

Алмазбек Атамбаев Куралдуу күчтөргө болгон мамиле кескин өзгөргөнүн жана аскердик түзүмдөрдү, укук коргоо органдарын бекемдөөгө өзгөчө көңүл буруларын белгиледи. Акыркы жылдары аскер кызматкерлери үчүн көп кабаттуу үйлөр курулуп жатканын, кызматкерлерди социалдык колдоо жанданганын айтты. Өлкөнүн коопсуздугу, терроризм менен күрөшүүнүн маанилүүлүгүн кошумчалаган өлкө башчы Дүйшөнбиев менен Чоткараевди бийик даражадагы аскердик чинге татыктуу болууга чакырды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан