Элмира Жумалиева: "Канат Исаев башында вице-премьерлик кызматты сунуштаганда баш тарткам"

Жогорку Кеңештеги "Кыргызстан" фракциясынын депутаты Элмира Жумалиева фракция жетекчиси Канат Исаев гендердик балансты тебелеп жатканын айтууда. Депутат бүгүн, 18-январда SUPER.KG порталына "мандат чыры" боюнча пикирин билдирди.

"Партия түзүлүп жатканда алдынкы катарда жүрдүм, шайлоодо менин кадыр-баркымды, тажрыйбамды пайдаланышты. Анан парламентке келгенден кийин мени мандаттан ажыратууга киришти. Андай экен, эмне үчүн башында эле айтып, тизмеден чыгарышпайт?

Таластан жетиштүү добуш алгам, аймактын эли азыр деле "Кыргызстан" партиясын биз Жумалиева аркылуу тааныйбыз" деп жатышат. Аял деп эле бизди депутаттыктан кетиргени жатышат, эркек болгондо мындай адилетсиздик үчүн мушташат элек да. Унчуга алышпайт деп бизге асылышты. Фракция лидери муну менен гендердик балансты тебелеп жатат. Шайлоодо керек болсо Исаев өзү, депутат Дастан Жумабеков жетиштүү добуш алган эмес",- деп билдирди Жумалиева.

Депутат буга чейин кызматтык сунуш болгонун белгилейт. "Исаев мага вице-премьер-министрлик кызматты сунуштаган. Мен болбой койгом, анткени Бюджеттик кодексти демилгелегем, ошону аягына чыгарышым керек. Башка да иштерим бар экенин айтып баш тарткам",- дейт депутат.

Эскерте кетсек, 11-январда Борбордук шайлоо комиссиясы "Жогорку Кеңештин "Кыргызстан" фракциясынын депутаттары Чолпон Эсенаманова менен Элмира Жумалиева өз ыктыяры менен депутаттык мандатты тапшыруу жөнүндө арыз жазышкан" деп, алардын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурун токтотуу чечимин кабыл алган.

Бишкектин Биринчи Май райондук соту 15-январда эки депутатты мандаттан ажыратуу боюнча БШКнын чечимин жокко чыгарды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан