super.kg logo
  Саясат  

Премьер-министр Токтогул ГЭСинде болгон авариялардын негизги себебин атады

 

Токтогул ГЭСинде болгон авариялардын негизги себеби - техниканын эскилиги жеткени. Бул тууралуу бүгүн, 18-январда өкмөттүн жыйынында премьер-министр Темир Сариев билдирди.

Анын айтымында, Токтогул ГЭСиндеги техниканы иштетүү мөөнөтү 25 жыл болсо да, 40 жыл бою алмаштырылбай иштетилүүдө. "Ошонун кесепетинен авария болуп жатат. Биз үчүн бул чоң коңгуроо. Өзгөчө толук реконструкция иштерин жүргүзүш керек. Каржы булактарын издеш керек. Ири инвестицияларды тартуу боюнча тапшырмалар берилген. Кыш ортолоп калды. Дагы чилде болот. Даяр болгула. Кыштан эч кандай жоготууларсыз чыгышыбыз керек. Биз эмитен баштап кийинки кышка даярдык көрүшүбүз керек",- деди өкмөт башчы.



 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(4)
18.01.2016. 15:56 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
Катталган:
19-09-2010
Соӊку аракети:
07-11-2018 15:33
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Россия, Томск
0
ал эми ГЭС жонундо соз жок, эскилиги жеткени эми жетиптир жогору жакка :(
18.01.2016. 16:05 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
254
Катталган:
19-12-2011
Соӊку аракети:
09-11-2018 19:55
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ош
+1
Туура эле иш, эскилиги жетсе алмаштырыш керек. Кээ бир чиновниктер эмне эле кычык издеп жатат тушунбойм
18.01.2016. 20:12 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
674
Катталган:
01-09-2015
Соӊку аракети:
03-03-2016 11:24
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
0
Арабдар ар тараптуу жардам беребиз деп жүрөт жогору жакта кабарларда. Ошолор менен сүйлөшүп көрбөйсүңөрбү ?
19.01.2016. 00:15 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
75
Катталган:
09-07-2014
Соӊку аракети:
29-04-2018 12:34
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
бишкек
0
Окмотун ишьегени корунуп турат жылдакыдан жакшы свет очурулор жок бирок кемчиликтер жок эмес мисалга алсак гестердин кундон кунго жараксыз абалга келиши электр чубалгылары биринин артынан бири жарактан чыгуусу окмот кайдагы пайдасы тийбеген майрамдарга жана иш чараларга миллиондорду болгончо ушу иштерге акчасын сарптаса туура болмок беле деп ойлойм
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
117550;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: