Бишкек шаардык сотунда Ахматбек Келдибековдун иши боюнча соттук отурум уланууда. Суракка күбө катары чакырылган Гүласал Садырбаевага суроолор кыргыз тилинде берилип жатканына байланыштуу Келдибековдун жактоочусу Азимбек Бекназаров менен соттук коллегиянын түзүмүнүн ортосунда түшүнбөстүк чыкты.
Бекназаровго суроолорун орус тилинде бериши керектиги айтылганда, ал орусча суроо берүүдөн баш тартып, анын жана күбөнүн укуктары бузулуп жатканын билдирди. Андан соң ал кайрадан кыргыз тилинде суроо берүүнү улантты. Буга судья Ирина Воронцова экинчи жолу эскертүү берип, муну протоколго киргизүүнү айтты.