Илбирсти аткан жаран кечээ үй камагына чыгарылды. Мыйзам боюнча ага 500 миң сом өлчөмдөгү айып пул салынарын Ысык-Көл облусунун Ак-Суу РИИБинин башчысы Асылбек Сааданов SUPER.KG порталына билдирди.
"Азыр кылмыш иши иликтенип жатат. Биз тиешелүү далилдерди чогултуп сотко жиберебиз. Мындай кылмыш үчүн аңчылыкка тыюу салынып, 500 миң сом айып пул төлөшү керек. Бул өтө аз. Кийин мындай кылмыш кайталанбаш үчүн жазаны күчөтүү керек",- дейт Асылбек Сааданов.