Екатеринбургда жоголгон Канат кызы Айганышты окуя болгон күнү дүкөндүн күзөтчүсү "кефир уурдаган" деп сыртка чыгарып салгандыгы айтылды

Екатеринбургда 4-январда жоголгон 13 жаштагы Канат кызы Айганышты издөө иштери уланууда. Анын жүрүшүндө аймактагы көчөлөр текшерилип, башка соода борборлорундагы видеожазуулар көрүлдү. Укук коргоо органдары менен кошо кызды ыктыярчылар да издеп жатышат. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.

Окуя болгон күнү эжеси аны сүт алып келүү үчүн дүкөнгө жөнөткөнү маалымдалган эле. Туугандары билдиришкендей, дүкөндөн Айганышты күзөтчү уурдалган кефир менен кармап алган. Буга чейин уурулукка колу барбагандыгын белгилеген кыздын Мохамедали аттуу жездеси күзөтчү Айганыш алган азык-түлүк жана акчасын тартып алып, сыртка чыгарып салганын айткан.

Эске салсак, жоголгон кызды издөөдө бардык тийиштүү тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн "жашы жете электи өлтүрүү" беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Укук коргоо органдарынын маалыматына караганда, Айганышты кыргыз жеринен өткөн жылдын май айында анын 23 жаштагы эжеси алып келген. Окуя болгон күнү эжеси аны сүт алып келүү үчүн дүкөнгө жөнөткөн. Кызды издөөгө полициянын бардык бөлүмдөрү тартылды.

Канат кызы Айганыштын бою 145 сантиметр, кой көз, кашы калың, чачы кара. Ошол күнү күлгүн түстөгү күрмө, кочкул кызыл моюн орогуч, токулган баш кийим, кочкул кызыл лосина, күрөң кышкы өтүк кийип жүргөн. Көргөн-билгендер полиция кызматкерлерине (343) 370-41-66 же 356-42-11 телефон номурлары аркылуу билдиришсе болот.

Екатеринбургда жоголгон 13 жаштагы кызды издөө иштери уланууда
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (23)
MuslimNur95
2016-01-19 17:21:00
Кефир уурдадын деп охрана кууп чыкса эжесинен жездесинен коркуп уйго барбай койдубу экен, байкуш кыз буйруса табылып калаар Эми жакшы ниет кылаалы.
+7
saparali96
2016-01-19 17:30:02
Кичинекей кызды дуконго чыгарбай эле койбойбу ботон жерде болгондон кийин,табылып калсын эми аман эсен
+3
Ayida
2016-01-19 17:41:14
Охраниктен сураш керек тактап.На против магазинге эмне бар ошонун видео байкоосу болсо кароо керек.Оной эле табылат жакшылап издебей атышат.Орустар жашыргандан да кайтпайт.Себеби видео байкоо деген бар.Андан корсо болотго очуруп койбосо эле болду.Кыздын уурдаганын же уурдабаганы корунот монтаж кылбаса.Неге ушул кунго чейин журушот ай карап атабы?Видеосун сразу текшерсе чыгат эле ошол куну эле.
+3
Ayida
2016-01-19 17:42:16
Охраник кызга кандай мамиле кылганынан бери видео запись барго корсо болотго.Бул жерде бир иш барго
+2
Ryskeld
2016-01-19 18:15:11
жаман болду кыргыз элиме башка олкодо кор болуп
+1
Rahim76
2016-01-19 19:28:10
Силерге баары оной видеокамераны карап койсо эле табылып калат.
+2
nura.177
2016-01-19 20:51:09
Эжеси сут ичпей балаа ичсин
+7
zhumagul89
2016-01-19 22:32:09
Камерадан кыздын через касса жактан чыкканы корсотулбогон.киргени анан колунда эч нерсеси жок чыкканы корсотулгон эмнеге тоолук баарын монтаждаган эмес интересно.
0
luntik96
2016-01-20 01:51:21
менин оюмча,кыз кефирди уурдагандыгы учун уйуно барбады болуш керек . сураса эмне деп айтаарын билбей. Деги, аман еле болсо екен
.
+2
begai93
2016-01-20 06:45:54
Аман эсен болсун даа
0
karasuu
2016-01-20 08:31:52
видеосун корбой койот беле коруп текшеришиптир уй жагына бурула турган жерден уйуно бурулбай башка жака бурулуп кетиптир ал жакта видеонаблюдение жок болсо керек да
0
AlbertEnshtein
2016-01-20 17:17:45
Менимче уйдо аны кемсинтип, капа кылып, начар мамиле жасашкан, ошого качып кеткенго. Эми тонуп калбаса эле болду. Мен да 17 жашымда алыс тууганымдын 1 жашар баласын каранам жайкы каникулда казактардын жергесинде. Сага эч ким куйбойт, баладан сырткары уй жый, кир жуу, идиш жуу, тамак жаса, баланы уктат, алып жат, тойгоз дей берчу эжем. Ошентип магазинге ар жака жумшачу, озу базардан чарчаган адам болуп келип жатчу жамбаштап приказ берип коюп. Ото жаман болгом, эптеп ыйлап журуп аран бошонгом.
0
NurSezim1214
2016-01-21 00:06:20
Эй кудайым табылып калсын эсен аман уйуно кирип келсин омиин.
0
kyrgyzka96
2016-01-22 09:42:56
Бул кыздын каза болгону аныктала элек экен. Анан эмнеге жашы жетелектерди олтуру беренеси менен кылмыш ишин козгоду билбейм тушунбодум. Тапкандан кийин анан кылмыш ишин козгош керек эле
0
kyrgyzka96
2016-01-22 09:44:04
Бул кыздын каза болгону аныктала элек экен. Анан эмнеге жашы жетелектерди олтуру беренеси менен кылмыш ишин козгоду билбейм тушунбодум. Тапкандан кийин анан кылмыш ишин козгош керек эле
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан