Нурсултан Назарбаев Казакстан парламентин таратып, мөөнөтүнөн мурда шайлоо дайындады

Президент Нурсултан Назарбаев Казакстан парламентин таратып, мөөнөтүнөн мурда шайлоо дайындады. Президент кол койгон буйрукка ылайык, Мажилиске жаңы шайлоо 2016-жылдын 20-мартына дайындалды.

Парламенттин Төмөнкү палатасын таратууну депутаттар өздөрү демилгелешкен. Назарбаев Мажилис төрагасы Кабибулла Жакупов, премьер-министр Карим Масимов жана Сенат жетекчиси Касым-Жомарт Токаев менен консультация жүргүзүп, жолугушууда кезексиз шайлоо өз убагында жасалчу кадам экени, өлкө алдында турган милдеттерди ишке ашыруу үчүн элдин ишенимине негизделген жаңы мандат алуу зарылдыгын белгилешкен.

Мажилиске акыркы шайлоо 2012-жылдын январында өткөн.

Мажилистин курамы 107 депутаттан турат: 98и партиялык тизме боюнча шайланып, 9у Казакстан элдеринин ассамблеясы тарабынан жылдырылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан