Ырчылар Арсен жана Айбек Замировдун режиссёр Эрнест Абдыжапаровдун “До+Фа” аттуу көркөм тасмасына саундтрек катары жазылган “Тагдырым бирге болсо” аттуу ыры жарык көрдү. Ырдын сөзү Акбар Сүйүнбаевге, обону Азамат Такырбашевге таандык. Ырдын мазмуну сүйүү темасын камтыйт. Айта кетсек, Арсен менен Айбек Замиров аталган тасмада башкы каармандардын образын жаратышкан.