А.Келдибековдун иши боюнча сотко чакырылган күбөлөр келбегендигине байланыштуу 1,5 саатка тыныгуу жарыяланды. Буга чейин А.Келдибековдун иши боюнча сотко күбө катары чакырылган Ыргал Кадыралиева залга киргенде судья тизме боюнча Камчыбек Ташиев кириши керектигин айтты. Ага
А.Келдибеков: "Ыргал, сен жөн эле коёт окшойсуң, Камчыбекти чакыргыла",- деди.
"Мен ал кезде "Ата Журт" партиясынын лидери болчумун. Өкүлчүлүктүн ачылышы боюнча маселе 5 партия лидерлери тарабынан кичи чогулушта талкууланган. Андан кийин координациялык жыйында парламенттин добушуна коюлган болчу. Токтомдун долбоору бир эле мага эмес, бардык депутаттарга таратылып берилген. Көпчүлүк аталган долбоорду колдоп добуш берген",- деди К.Ташиев.
Прокурор өкүлчүлүк боюнча токтомдун токтотулушу тууралуу Ташиевге бир катар суроолорду берди. К.Ташиев: "Мен анда ушул жерде тургам. Сиз мени соттоп жаткансыз, анан мен ал тууралуу кайдан билмек элем?"- деп залдагыларды күлдүрдү.