Вице-спикер Нурбек Алимбековду кызматтан түшүрүү маселеси каралат

"Республика - Ата Журт" фракциясы 22-январда вице-спикер Нурбек Алимбековду мөөнөтүнөн мурун кызматынан түшүрүү маселесин карайт. Муну парламент жыйынында фракция лидери Өмүрбек Бабанов билдирип, Жогорку Кеңештин регламенти одоно бузулуп жатканын айтты.

"Эки аптадан бери депутаттардын кадыр-баркы болушунча түшүп кетти. Кечээ вице-спикер Нурбек Алимбеков өзү каттоодон өтпөй туруп кворум жок деп кетип калды. Бул парламенттин эмес, бир партиянын вице-спикери экенин көрсөттү. "Республика - Ата Журт" фракциясы эртең жыйын өткөрүп, регламентти көп жолу бузду деп ага ишенбөөчүлүк көрсөтүү маселесин алып чыгабыз. Фракциянын чечими, 50 депутаттын добушу менен вице-спикерлерди кетирүүгө мүмкүндүк түзүлөт",- деди Бабанов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан