Бүгүн, 19-мартта саат 15:45те Бишкектеги Д.Өмүрзаков атындагы стадиондо Азия футбол конфедерациясынын Чакырык Кубогунун тандап алуу оюндарынын алкагында Кыргызстан менен Пакистандын футбол курама командалары беттешет. Айтылгандай, АФКнын Чакырык Кубогунун финалдык баскычына чыгуу үчүн Кыргызстан, Макао, Тажикстан жана Пакистан өлкөлөрүнүн командалары таймашууда. Эскерте кетсек, кечээ кыргызстандык футболчулар Макао командасын 1:0 эсебинде утушкан.