Руслан Түмөнбаев кармалган учурда мас абалда болгонун аныктаган маалымдаманын көчүрмөсү таратылды

20-январдан 21-январга караган түнү МАИ кызматкерлери тарабынан кармалган спортчу Руслан Түмөнбаевдин мас абалында болгондугун аныктаган маалымдаманын көчүрмөсүн Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы таратты.

Эске салсак, 20-январдан 21-январга караган түнү жүргүзүлгөн рейддин алкагында Лексус 330 үлгүсүндөгү унааны башкарып жүргөн Р.Түмөнбаев токтотулган. Тиешелүү документтери жок болгондуктан, унаа айып пул төлөөчү жайга киргизилген. Көп өтпөй Р.Түмөнбаев блокпостко кайтып келип, МАИ кызматкерлерин тапанча менен коркуткан. Республикалык наркологиялык борбордон ал мас абалда экени аныкталган. Ал эми "Стример" үлгүсүндөгү тапанчанын сериялык номуру өчүрүлгөн жана ага тиешелүү документтер да жок болуп чыккан.

Факт боюнча "ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды, жарылуучу заттарды жана жардыргыч түзүлүштөрдү мыйзамсыз алуу, берүү, өткөрүү, сактоо, ташуу же алып жүрүү" жана "бийлик өкүлүнө карата зомбулук көрсөтүү" беренелери боюнча кылмыш иши козголгон.

"Мас абалында МАИ кызматкерлерин тапанча менен коркуткан" деп шектелген Руслан Түмөнбаев башында убактылуу кармоочу жайга киргизилген эле. 22-январда Октябрь райондук соту бул ишти жабык режимде карап, айыпталуучуну сыртка чыкпоо талабы менен бошотуу чечимин чыгарган.

Андан соң Руслан Түмөнбаев бул окуя боюнча расмий билдирүү жасаган. "Коомчулукта менин МАИ кызматкерлери тарабынан кармалышым кызуу талкууларды жаратты. Айта кетчү нерсе, бул окуя тууралуу жазылган нерселер чындыкка дал келбейт. Жагымсыз окуя мен башкарып бараткан унааны МАИ кызматкерлери тарабынан токтотуу учурунан башталды. Кызматкер тиешелүү документтерди текшергенден кийин бир нече жолу менин аброюма атайылап шек келтире баштады, мындай нерсеге жол берилбеш керек. Ар бир эркек өзүнүн сөзүнө жооп берүүгө тийиш. Мен кызматкерлерге карата эч кандай күч колдонгон эмесмин. Баса белгилеп айта кетчү нерсе, мен алкоголдук ичимдиктерди ичпейм. "МАИ кызматкерлерин тапанча менен коркуткан" деген маалымат да чындыкка дал келбейт. Мен спортчу катары олимпиадалык принциптерди карманып, алган билимимди жана болгон күчүмдү спортто гана колдоном",- деген Р.Түмөнбаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (14)
nur.nu88
2016-01-26 09:23:57
Атайын уйуштурулуп тузулгон топ жасаган, жараткан Аллах тозоктун отуна куйгузуп куйкаласын оздоруно каргыш тийбесе бир туугандарына созсуз тиет иштери журушпой калсын менттердин кайырчылар.
-14
kobra86
2016-01-26 09:30:04
nur.nu88,Бироого каргыш айтп озуно кайтып келет.
+9
Sultanim
2016-01-26 10:09:52
nur.nu88,eger aytkan kargiwin kunoosuz adam bolwo ozuno aylanip kelet.abayla
+3
Kyialbek.a
2016-01-26 09:29:06
Спортчунун созуно ишенгибиз келет бирок аттин далилдер корсотуп жатса улгу болчу азаматтар ушундай болсо кыргыз спорту кантет?
0
vabank
2016-01-26 09:32:38
Kyialbek.a, vrachtar da satkyndar. alardy da satyp alywty.
+4
vabank
2016-01-26 09:34:52
Egerde bul nerse atayilap jasalbagan bolso, gaishnikter bul okuyany tartmak bele. jon ele katardagy okuya katary otup ketmek. Bul jerde any videogo tartyp internetke juktop jatat, kyzykkan adamdar bar bul jerde...
+1
asad345
2016-01-26 09:55:07
Менденби же сенденби дебегиле ЭКООНДО тен айып бар
+2
briliant87
2016-01-26 09:57:57
Эч нерсе айталбайм.
0
Lintel
2016-01-26 10:01:20
Диогнозун жакшылап окугула уйломодо градус жок окшош деп турат. Значит атайланган ЗАКАЗ.деп тушунуш керек реч тихий экен. Чындап эле Русландын иштеген жумушу кимдир бирого керек экен. Жон эле арыз жазып жумуштан чыгарса болмок мынтип жаманатты кылбай баланы.
0
Sultanim
2016-01-26 10:16:06
azir ec kimge iwene albaysin... kanchalagan baldardin ayibi akca mn ele jabilip,demi chikpai kalat.emi bir katasi bolso da KG'nin namisin korgogon sportcunu gezit betine cigarbay,abroyun togup,jon ele ozdorunco bere berbeibi jazasin.tim ele miyzamduu blp ketiwet...
+1
Mars55
2016-01-26 12:13:26
Эми бир ай ушул жаңылык болот.
-1
maks83
2016-01-26 15:21:59
эми ичкени чындык, кечирим сурап койсо иш бутмок да,боло берет жаштыкта.
0
nazira1989
2016-01-26 19:43:04
Эми болоор иш болду,боеосу канды,эмне кереги бар кайра-кайра белгилуу адамдын "черный" жанылыктарын элге таратып?!Куноолуубу,эл уктубу,билдиби эмне кереги бар???Оздорунчо соттой берсин да.Элге белгилуу,жаштарга улгу болчу адамдын мындай кылганы албетте туура эмес,бирок анын да кылган жакшылыктары толтура да...
0
Xanif.Kg
2016-01-27 03:13:19
Негизи атактуулар текеберираак болушат. Туура эле кылышты, анча-мынча ушинтип чунчуйтуп турушпаса, а то чектен ашып кетишет мындайлар...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан