Футболчу Лионель Мессинин аты жазылган баштыкты кийип сүрөткө түшкөн бала ирактык эмес, ооганстандык болуп чыкты.
Британдык ВВС коомдук теле жана радио мекемеси сүрөттө 5 жаштагы ооганстандык бала Муртаза Ахмади экенин жазып чыкты. Муртаза Ахмадинин агасы аны сүрөткө тартып, Facebook баракчасына жүктөгөн. Далил катары ал Муртазанын башка дагы ушул сыяктуу сүрөттөрүн көрсөткөн.
"Бул кичинекей уулум чынында эле Мессинин оюнун жакшы көрөт. Тилекке каршы, мен ага Месси кийгендей футболка сатып бере албайм, анткени мен жөнөкөй эле фермермин. Андыктан ал баштыкты кийип алыптыр. Муртаза белгилүү болуп кеткенин билет, анын интернетке чыгууга мүмкүнчүлүгү бар достору бизге чалып айтышкан. Эгер уулум мыкты футболчу болсо, ага Месси менен жолугушуусуна чет өлкөдөн жардам болот деген үмүттөбүз",- дейт атасы Ариф Ахмади.
Эске сала кетсек, кечээ "Kurdistan 24" телеканалынын журналисттери да сүрөттөгү баланы издеп тапканы тууралуу маалымат чыккан. Маалыматка ылайык, анын аты - Хомин, Ирактагы Дохук шаарынын тургуну. Хомин бул сүрөт 2 жыл мурун тартылганын айтып, футболчу Лионель Мессини мыкты оюнчу болгондуктан жакшы көрөрүн журналисттерге билдирген.
Лионель Месси бул окуя тууралуу кабардар болуп, жаш балага жардам бере турганы айтылган. Азырынча футболчу ага кандай жардам берери белгисиз бойдон калууда.