Бүгүн, 26-январда ЖАМКтын басма сөз кызматы ардагер Эрнст Исаевдин №50-абактан качкан кылмышкерлер тууралуу айткандары боюнча расмий билдирүү таратты.
Айта кетсек, ЖАМКтын отставкадагы ардагери Эрнст Исаев маалымат жыйын өткөрүп, анда №50-абактан кылмышкерлердин качары тууралуу ЖАМК жетекчилигинин алдын ала маалыматы болуп, бирок чара көрүлбөгөнүн, качкандан кийин кармалган кылмышкерлер атайылап өлтүрүлгөнүн айткан эле.
"Эрнст Исаевдин билдирүүсү чындыкка жатпайт. Алик Мамыркулов менен жолугушуп, ага 2015-жылдын октябрь айындагы №50-абактан качуу УКМКнын атайын даярдаган операциясы экенин айтканын полковниктин фантазиясы десе болот. Бул билдирүүлөрүн аныктоочу фактыларды Исаев көрсөтө алган жок. Исаев "ЖАМКтын борбордук аппаратына кармалган кылмышкерлерди Нива үлгүсүндөгү унаа менен алып келгенин өз көзүм менен көргөм" деген. Кийин алардын кайра чыгарылганын көрбөй калгандыктан, 3 качкын кылмышкерди Тергөө башкармалыгынын кызматкерлери өлтүргөнүн айткан.
Абактан качкан түнү кармалган кылмышкерлер Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын тергөө бөлүмүнө жеткирилген, тергөө амалдары мамлекеттик жактоочулардын катышуусунда жүргүзүлгөн. Сурак бүткөндөн кийин алар Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына жеткирилип, андан соң №1-СИЗОго которулган. Исаевдин "№50-СИЗОнун мурунку башчысы полковник Иманкул Телтаев №1-СИЗОго которулуп, ошол жакта өлтүрүлгөн" деп айтканы да чындыкка коошпойт. Телтаев отурган камерага кетчү коридордо видеокамера бар. Ал жердеги жазуулар Телтаевдин жанына эч ким барбагандыгын далилдейт. УКМК абактан качуу тууралуу кат жиберген эмес. Бирок ЖАМКтын бир катар мекемелерине чабуул болорун УКМК эскерткенде, сырткы күзөт күчөтүлгөн",- деп айтылат маалыматта.
Мекеменин басма сөз кызматы №50-СИЗО мыйзам чегинде колдонууга берилип, ал жакта кармалган кылмышкерлер мыйзамга ылайык жаза өтөп жатканын белгиледи.