Семичке чагып интернет колдонуучуларынын сынына кабылган кыз катуу стресстен улам өзүнө кол салууга аракет кылды. Видеожазуу тарагандан кийин терс комментарийлерге туш болгон кыз дары ичип борбордогу ооруканалардын бирине жеткирилген. Маалыматты бүгүн, 27-январда SUPER.KG порталына күч органдарындагы өздүк булактар ырасташты.
Белгилүү болгондой, кечээ ал Октябрь РИИБине суракка чакырылган эле. Бул ишти карай турган аймактык тескөөчүгө кыздын эжеси телефон чалып, сиңдиси "дары ичем" деп коркутуп жатканын айткан. Тескөөчү кыздын үйүнө барып, ага карата "таштандыларды белгиленбеген жерлерге таштоо, күйгүзүү" беренеси боюнча айып пул салынарын айтып, тийиштүү документтерди толтуруп кайткан.
Бул окуя боюнча шаардык мэрия материалдар Октябрь райондук административдик комиссиясынын кароосуна жөнөтүлгөнүн, комиссия кыздын катышуусу жок эч кандай чечим чыгара албай тургандыгын кабарлады.