Ахматбек Келдибеков ооруп калгандыгына байланыштуу соттук отурум 11-февралга жылдырылды

Бүгүн, 29-январда Бишкек шаардык сотунда Жогорку Кеңештин мурунку төрагасы Ахматбек Келдибековдун иши боюнча соттук отурум өтмөк. Соттук отурумга прокурор Асанаалы Иманбеков тараптан чакырылган күбөлөр толугу менен келишкен. Келдибеков өзү келбегендигине байланыштуу сот 11-февралга жылдырылды.

"А.Келдибеков көптөн бери ооруп жатат. Ал кечээ болгон соттук отурумга да ооруп жатып келген. Бүгүн ал ооруканага жаткырылышы мүмкүн. Ошол себептен соттук отурумду 11-февралга жылдырууну өтүнөм",- деди айыпталуучунун жактоочусу Татьяна Чильникина.

Судья жактоочунун өтүнүчүн канааттандырып, соттук кароону 11-12-февралга жылдырды.

А.Келдибеков 2015-жылдын 12-ноябрында Бишкектин Биринчи Май райондук соту экс-депутат Ахматбек Келдибековду Салык кызматындагы иши боюнча актаган. Ал эми Жогорку Кеңештин Москвадагы өкүлчүлүгүн ачуу ишинде күнөөлүү деп табылып, 3 миллион сом төлөөгө милдеттендирилген. Бул өкүм боюнча Башкы прокуратура жогорку инстанцияга кайрылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
Sezim.A
2016-01-29 12:03:12
Оорудан башын которо албай калды го бул киши.Ошентсе ишенип отургандарга да рахмат.Карганын козун карга чокубайт,андан коро дардини ачык эле айтсан же тузугуроок ооздорун майласан мурунку ишине кайра отургузуп коюшаар беле?!Кайра тологон акчанан 5 эсе коп таап отурган болот элен.Сот жылдырылды дегенди уксам эле соттун оюндагы акчаны толобой жаткандай эле туюла берет мага тообо.
+1
jakikj
2016-01-29 12:29:19
Ой тообо булар мышык чычкан ойноп эле журо беришет бутпос болду го булардын иши. Качанга чейин журосунор мезгил корсотоор. Тарыхыбызды кийинки урпактар кызыгып окуй турган болсок кана эле ай аттин.
0
Rifle_2
2016-01-29 12:50:59
Стандарттык кадам болуп калды. Ооруп калып жатып, сот жылдырыла берет. Акырында үй камагына чыгарылат. Унутулуп кетет анан.

Сот дагы коррупцияга малынган да. Ошону оорутуп жаткырган врачтар да коррупцияга малынган.
+4
kama_future_millioner
2016-01-29 13:04:58
Эмнеге ушулар эле ооруп кала берет соту башталарда эле бир шылто табып ой кокуй ооруп калдым деп, Колун менен кылдынбы жазасын мойнун менен тарт деген соз бар элибизде
+5
zamir-bek
2016-01-29 13:28:39
Келдибековту мынча эмнеге эркелетет тушунбойм. Давно соттош керек болчу. Ооруса дарыланып, айыкса башка кылмышкерлер коргон кунду коруп жазасын отосун.
+4
admin_superstan
2016-01-29 13:37:20
isko-nookat,
Эскертүү! Этика нормаларын сактаңыз!
0
Enjoy.kg
2016-01-29 18:43:03
11-фев.деле айыкпайт го мындай болсо
0
taoni
2016-01-29 22:24:51
Келдибековдун ишинде президенттик аппаратура да бар...
0
baxa-93
2016-01-31 03:06:11
Кимисине ишеничти билбей калдык акыр куну!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан