Барак Обама Жанар Акаев менен Аскарбек Шадиевди чайга чакырды

Жогорку Кеңештин депутаттары Жанар Акаев менен Аскарбек Шадиев АКШнын президенти Барак Обаманын сый тамак аземине катышууга барат. Азем 3-февралда Вашингтондо өтөт. Ага Обаманын чакыруусу менен дүйнөдөгү бир канча өлкөнүн өкүлдөрү катышат. SUPER.KG'ге Жогорку Кеңештен 29-январда билдиришкендей, аталган эки депутат АКШга барбай калышы да мүмкүн. "Обаманын мындай сунушу президенттик аппаратка келип түшүп, аппарат ушул эки депутатты көрсөткөн. Бирок Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети бул маселени карап чыгышы керек. Комитет сунушту жактырса, 2-февралда учуп кетишет. Жактырбаса башка депутаттар барышат",- деп айтышты Жогорку Кеңештен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан