Бүгүн, 30-январда таңкы саат 06:00 чамасында таксист кардар кызды акчаны толук төлөбөгөнү үчүн сабап салды. Бул тууралуу окурман SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу билдирди.
Анын айтымында, таксист да, кыз да соо болчу. "Алар 400 сомго сүйлөшүп, келгенден кийин кыз 200 сом эле берген экен. Таксист буга нааразы болуп, кызды чачынан сүйрөп, шубасын айрып,
уруп-сабап баштаган. Кыз каршылык көрсөтүп, таксистти жаман сөздөр менен сөккөн. Биз кызды ажыратып, башка таксиге салып жибердик",- деди окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.