30-январдан 31-январга караган түнү Москва шаарындагы тигүү цехиндеги өрттөн каза болгон кыргыз жарандарынын аты-жөнү такталды. Азыркы тапта алардын сөөктөрүн мекенине алып келүү маселеси каралууда. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Орусиядагы элчилигинен билдиришти.
Өрт кырсыгынан каза болгондор:
Масалиева Сажида Зиёвидиновна, 1988-жылы 26-апрелде Баткен облусунун Кызыл-Бел айылында туулган;
Салиева Токтокан Маматазимовна, 1983-жылы 11-июлда Баткен облусунун Таян айылында туулган;
Салиева Уулкан Маматазимовна, 1997-жылы туулган, Салиева Токтокандын сиңдиси;
Иса кызы Айзат, 1995-жылы 16-февралда Баткен облусунун Кайыңды айылында туулган;
Миликаждар уулу Кошонбай, 1990-жылы 4-майда туулган;
Козуев Төлөгөн Мухтаралиевич, 1991-жылы 15-ноябрда туулган;
Манас, 1995-жылы туулган, Козуев Төлөгөндүн бир тууган иниси;
Даниель, 4-5 жашта. Атасы Жапаров Эргешбай да өрттөн каза болгон. Ал Баткен облусунда туулган.
Орусиянын жарандыгын алган кыргыздар:
Жапаров Эргешбай Аждарович, 1984-жылы Баткен облусунда туулган.
Тогузаков Эркинбек Аламбекович, 1967-жылы туулган.
Айта кетсек, Москва шаарынын Стромынка көчөсүндөгү тигүү ишканасындагы өрттөн 12 адам, анын ичинен 3 кичинекей бала каза тапкан. Алардын ичинде 8 кыргыз жараны, Орусиянын жарандыгын алган кыргыздардан жана өзбек жарандарынан экиден адам болгон. Укук коргоо органдары өрттүн эки булагы болгондуктан, имарат атайылап өрттөлүшү мүмкүндүгүн айтышкан. Адам өлүмүнө алып келген өрт кырсыгына байланыштуу кылмыш иши козголду.