Бүгүн, 19-мартта Бишкектеги Д.Өмүрзаков атындагы стадиондо Азия футбол конфедерациясынын чакырык кубогунун тандап алуу оюндарынын алкагында кыргызстандыктар 1:0 эсебинде Пакистандын футбол курама командасын утту. Жалгыз топту атаандаш тараптын дарбазасына оюнчу Дэвид Брюс Тетте киргизди. Айтылгандай, 21-мартта Макао – Пакистан, Кыргызстан – Тажикстан командалары беттешет.