Якутск шаарында "жергиликтүү тургун менен бирге мектеп окуучусун тоногон" деген шек менен кыргыз жараны кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 3-февралда жергиликтүү маалымат каражаттары Саха Республикасынын Ички иштер министрлигине шилтеме берүү менен жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, полицияга арыз менен 16 жаштагы окуучунун ата-энеси кайрылган. Анда алар белгисиз эки киши баласын ур-токмокко алып, уюлдук телефонун жана 800 рубль акчасын алып кеткенин айткан. Ошондой эле баланы тоногондордун бири "Охрана" деген сөз жазылган күрмө кийип жүргөнүн кошумчалашкан.
Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында уурдалган уюлдук телефон колдон колго өтүп кеткени аныкталып, аны саткан 23 жаштагы кыргыз жеринин жараны кармалган. Ал буга чейин ар кайсы ресторанда официант болуп иштегени аныкталган. Ал эми анын шериги шаардагы ири сайрандоочу жайда күзөтчү болуп иштегендиги жана мурда соттолгону белгилүү болгон. Кылмышка шектүүлөрдүн айтымында, алар түнү менен арак ичип, таң эрте акча издеп көчөгө чыгып биринчи туш болгон кишини тоношкон.
Учурда аларга карата "тоноочулук" беренеси менен кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери жүрүүдө. Эгер күнөөсү далилденсе, алар 7 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.