7 жашар Даниэлди мыкаачылык менен өлтүргөн аял учурда №1-СИЗОдо отурат. Ага жасалган соттук экспертизанын жыйынтыгында анын акыл-эси ордунда экени аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 4-февралда SUPER.KG порталына Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын өкүлү Эрнис Осмонбаев билдирди.
"Соттук-психиатриялык экспертизанын жыйынтыгына ылайык, кылмышка шектүү катары кармалган 39 жаштагы А.Майрам баланы уурдап жана аны өлтүрүп жатканда акыл-эси ордунда экени аныкталды. Бир жума ичинде жүргүзүлгөн тергөө амалдары аяктап, иш сотко жиберилет. "Балага дары берилип, ал ошондон улам өлгөн" деген маалымат такталган жок, соттук-медициналык экспертизада бала муунтулуп өлтүрүлгөнү далилденди",- деди Э.Осмонбаев.
Эскерте кетсек, 2015-жылдын 10-декабрында милицияга 33 жаштагы Астра аттуу жаран кайрылып, анын баласын белгисиз адамдар уурдап, кайтарып берүү үчүн 150 миң сом талап кылып жатышканын айткан. 11-декабрда аталган кылмышка шектүү катары 39 жаштагы А.Майрам аттуу аял кармалган. Анын Жалал-Абад облусунда туулганы, буга чейин уурдоо жана алдамчылык боюнча соттолгону аныкталган. Суракта А.Майрам акыркы 10 күн ичинде уурдалган баланын үй-бүлөсү жөнүндө маалыматтарды топтоп жүргөнүн айткан.