"Баткен облусунун Кадамжай районунун Кайтпас айылында чек ара бекитилгени менен, Өзбекстандын жарандары кыргыз аймагына көчүп жашоодо". Бул тууралуу окурман SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу билдирди. Анын айтымында, аталган айылда - кыргыз жергесинин аймагында бир катар турак жайларды коңшу өлкөнүн жарандары ээлеп алышкан.
“Алар чектеш жайгашкан "Риштан" посту аркылуу эки өлкөгө каалаган учурда эркин кирип-чыгып жүрө алышат. Алар биз тараптан ар кандай маалымат жеткириши мүмкүн. Ал эми кыргыздар үчүн ал өтмөк жабык. Ушуга бийлик өкүлдөрү эртерээк чара көрүшпөсө, биздин жер өзбектерге өтүп кетиши мүмкүн”,- деди окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.