Премьер-министр Темир Сариев Ош облусуна болгон сапарында Кара-Суу районунун Нариман айылындагы күнөскана чарбасына барды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн басма сөз кызматы кабарлады.
Күнөскананын ээси Кахраман Закировдун айтымында, 1 гектар жерден помидор менен бадыраңдан түшкөн таза киреше жылына 5-6 миллион сомду түзөт.
Темир Сариев аймактардагы дыйкандар күнөскана чарбаларын кеңейтип, түшүм теримин жогорулатып кирешесин көбөйтө алышарын белгиледи. "Күнөсканалар үчүн жеңилдетилген насыялар берилип жатат. Өкмөт айыл чарба азыктарын өндүргөн дыйкандарга мындан ары да жардам көрсөтө берет",- деди Сариев.
Дыйкандар менен болгон жолугушуулардын жыйынтыгында Темир Сариев Айыл чарба жана мелиорация министрлигине айыл чарба тармагына жаңы технологияларды киргизүү иштерин уланта берүүнү тапшырды.