Бүгүн, 11-февралда Москвада тигүү ишканасында каза болгон маркумдардын алтоосунун сөөгү кыргыз жерине алынып келинди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, “Сибирь” авиакомпаниясынын 967-аба каттамы менен Москва шаарынан Ош шаарына саат 06:50 чамасында Москвадагы тигүү ишканасында каза болгон маркумдардын алтоосунун сөөгү алынып келинди. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан сөөктөрдү маркумдардын туугандарына жеткирүү үчүн 1 КамАЗ үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа, 1 Нива-2131 үлгүсүндөгү жеңил унаа бөлүндү. Саат 07:50 чамасында маркумдардын сөөктөрү жүктөлгөн унаалар Баткен облусуна карай багыт алышты.