"Төрт жоокер жана ротанын улугу уулумду кур менен заңдап койгончо сабашыптыр",- деп билдирди 18 жаштагы Нурпайыз Дүйшөнбековдун атасы Камчыбек Жумакадыров SUPER.KG порталына кайрылып. Окуя 2015-жылдын декабрь айында Оштогу №30629-аскер бөлүгүндө болгон. Айтымында, уулу катуу ур-тепкиге алынган.
"Уулум Оштогу №30629-аскер бөлүгүндө кызмат өтөп жүргөн. Анда төрт жоокер жана ротанын улугу Ильич Таштанов уулум Нурпайызды жоокерлер менен дааратканага алып кирип, курдун башындагы темири менен башка-көзгө чапкылап, сийип-заңдап койгончо сабашыптыр. Анан ооруканага алып барышпай, медициналык-санитардык бөлүмдө бир айга жакын көк аласы тарап кеткенче кармашкан. Уулум ал жерден өзүнө келбей, эс-учун жоготуп, өйдө-төмөн сүйлөй баштаганда психикалык ооруканага алып барып салышкан. Азыр ал оорукананын дарыгерлери баламдын соттук-медициналык экспертизасы чыкмайынча ооруканадан чыгарбайбыз деп жатышат. Бул иш боюнча Оштун Аскер прокуратурасына кайрылгам. Ал жердин тергөөчүсү "тиги балдардан сурадым, алар урбаптыр" деп ишти жакшы карабай жатат. Балам нес болуп, коркуп калган. Ильич Таштанов уулума келип "бул окуяны эч кимге айтуучу болбо" деп коркутуп кетиптир",- деп айтты сабалган жоокердин атасы.