15-февралда Бириккен Араб Эмираттарынын Дубай шаарында ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген спортчулар арасында пауэрлифтинг боюнча Дүйнө Кубогу старт алды. Мелдештин биринчи күнүндө кыргыз спортчусу Эсен Калиев 54 килограмм салмакта күчүн сынап, алтын медаль тагынды.
Мелдештин расмий сайты кабарлагандай, бул салмак категориясында жалпысынан 5 спортчу күчүн сынады. Спортчу 3 мүмкүнчүлүгүнүн экөөндө ийгиликтүү болбогону менен, биринде 150 килограмм келген шайманды түртүп көтөрдү. Бул анын алтын медаль тагынуусун шарттады.
Күмүш медалды украиналык Сергей Хвалинский багындырса (көрсөткүчү 142 килограмм), коло медалды япониялык Тецуо Нишизаки (128 килограмм) ээледи.