Москва метросунда аялды куткарып калган Марат Исаевди Жогорку Кеңеш да сыйлайт

Москвада метронун "Красносельская" станциясында рельстерге кулап түшкөн аялды куткарып калган кыргыз жараны Марат Исаевди Жогорку Кеңеш сыйлайт. Бул тууралуу бүгүн, 17-февралда парламенттин төрагасы Асылбек Жээнбеков билдирди.

Жыйында депутат Дастан Бекешев бул маселени көтөргөн. "Президентибиз Марат Исаевди кол саат менен сыйлаган. Жогорку Кеңештин атынан ыраазычылык катты мекендешибизге тапшырсак жакшы болмок",- деп сунуштады Бекешев. Төрага Асылбек Жээнбеков М.Исаевди сыйлоо боюнча маселе каралып жатканын айтты.

Марат бул жасаганын эрдик деп эсептебей турганын, эч кимден эч кандай сыйлык сурабасын SUPER.KG порталына айтып берген эле.

Кошумчалай кетсек, буга чейин Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев эрдик жасаган Марат Исаевди сыйлоо боюнча чечим чыгарган. Мындан тышкары Москва шаарынын мэри Сергей Собянин ага жолугуп, ыраазычылык билдирерин жарыялаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан