Бүгүн, 21-мартта Нооруз майрамына карата Бишкек шаарындагы эски аянтта спорттук иш-чара өтүүдө. Анда борбор шаардагы 4 райондон келген спортчулар күч сынашып жатат. Тактап айтканда, шахмат, күрөш, кол күрөш, ордо, аркан тартыш жана волейбол боюнча командалар аралык жарыш жүрүүдө. Ошондой эле катышуучуларга майрамдык программадагы концерт тартууланды.