Кытайда баңгизат менен кармалып, өлүм жазасына тартылган кыргыз жараны Светлана Кулбаеванын сөөгүн мекенине алып келүү аракеттери көрүлүүдө. Бул тууралуу маалыматты SUPER.KG порталына бүгүн, 19-февралда тийиштүү министрликтен билдиришти.
Маалыматка ылайык, учурда Үрүмчү шаарына каттаган аба каттамдары менен анын сөөгүн алып келүү үчүн сүйлөшүүлөр болуп жатат.
Айта кетсек, Ош шаарынан Кытайга учкан аял 2010-жылдын 6-ноябрында Үрүмчү шаарындагы аэропорттон сумкасындагы 7 килограммдан ашуун баңгизат менен кармалган.