Болгарияда өткөн Эл аралык "Sofia Trophy" муз үстүндөгү бий мелдешинде Медина Кутманова коло медалга ээ болду. Бул тууралуу Эл аралык "Себат" билим берүү мекемесинин коомчулук менен байланыш бөлүмү билдирди.
2016-жылдын 11-февралында Болгариянын София шаарында Эл аралык “Sofia Trophy” муз үстүндөгү бий мелдеши өткөн. Бул мелдешке дүйнөнүн 27 мамлекетинин спортчулары катышкан. Кыргыз Республикасынын атынан Медина Кутманова барып, бардык топтогон упайларынын жыйынтыгы менен коло медалга ээ болду.
Маалыматка ылайык, Медина Кутманова мурун дагы көптөгөн муз үстүндөгү бий мелдештерине катышып келген. 2014-жылдын мартында Казакстанда өткөн Азия мамлекеттеринин ортосунда болгон “Муз үстүндөгү бий” мелдешинде да 3-орунду алган. Ошондой эле 2015-жылдын декабрында Кыргыз Республикасында өткөн мелдеште 1-орунга ээ болгон. Ал 5 жашынан баштап аталган спорт түрү менен машыгып келет.