Ош шаарынын мэри: "Ошто дагы бир көпүрө курулат"

Ошто дагы бир көпүрө курулат. Бул тууралуу 24-февраль күнү Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев №3-Сулайман-Тоо аймактык кеңешинин тургундары менен болгон жолугушуусунда айтканын мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, жолугушууда калаа башчысы жергиликтүү тургундарга 2015-жылы аткарылган жумуштар тууралуу маалымат берип, ушул жылы пландалган иштер менен ой бөлүштү.

"Шаарыбызды социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүдө мэрия тараптан бардык күч-аракеттер жумшалууда. Акыркы эки жылда калаабызда бир топ алгылыктуу иштер аткарылды. Алардын катарында Навои көчөсүндөгү көпүрөнүн курулушу бар. Көпүрөнүн курулушунан үнөмдөлгөн акча каражатына Курманжан датка аймактык кеңеши менен Туран аймагын бириктирген көпүрөнүн курулушун баштаганбыз. Анын жалпы сметалык баасы 73,0 миллион сомду, ал эми тендердик баасы 43,6 миллион сомду түзүп, курулуш иштери кызуу жүрүүдө. Бул көпүрөнүн курулушунан үнөмдөлгөн акчага шаардагы борбордук стадиондун аймагында Сай-Бою көчөсү менен Тилеке баатыр көчөсүн бириктирген дагы бир чоң көпүрө курулат. Биздин максат - курулуштарга тендерлерди өткөрүү менен акча каражатын үнөмдөп, сапаттуу бүтүрүү, каражатты туура пайдалануу”,- деп билдирди Кадырбаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (20)
sera
2016-02-25 10:29:40
Toloikon menen Vostoktu biriktirgen kopuronu sfleyp jfkshy ish bashtadynar. Iygilik. Kadyrbaev charba4yl mer ekenin korsoto aldy. el menen burge bolush kk ozu
+1
Mars55
2016-02-25 10:34:39
Азыр кетти сени жамандап жолдо кетип жатса керек мени жамандап болуп калдыго бул комментарийлер
0
Oldboy
2016-02-25 10:59:20
Mars55,кыргыз ошондой екенбизда тууган.
+1
meerimma84
2016-02-25 10:42:45
Копуродон жакшы тушот бекен дагы урунуп калыпсынар
+4
Alixan-Nookat.2015
2016-02-25 10:46:43
Ош шаарындагы эн чон паркты, кочону Навои эмес Манас атабыздын атына же Чынгыз Айтматов, Исхак Раззаков ж.б.у.с кыргыздын чыгаан адамдарынын атына койсо болбойбу? Акча керек алмаштырууга десенер кыргызымдын патриоттору бар эл бар салымын кошот эки колдоп.
+14
Dadasdasd
2016-02-25 11:21:51
Alixan-Nookat.2015,Менда мекелчилмин бирок Алматыда Токтогул, Астанада Манас деген кочолорду казактар которуп алалы десе макул белен ? Алишер Навайи деле турк элинин улуу инсаны.
-7
KyrgyzKagan
2016-02-26 15:09:53
Dadasdasd, Тууган бул жерде Казакстан же Алматы тууралуу соз болбой атат. Кеп Ташкент же Андижанда ушундай парк бар бекен кыргызча аталыштагы? Коншу Таджикистан жер суулардын тарыхый аталыштарында озгортуп жатат. Мисалы Жерге-Тал ороонун таджикче бирдемке деп озгортушуп жатат. А биз шаардык так ортосундагы борбордук парктын тээ союз убагындагы коюлган аталышын эгемендик учун же кыргыз эли жери учун кызмат кылган инсандардын атына ыраа корбой турган чагыбыз.
0
ekaterinburg
2016-02-25 11:05:13
,,Манастан Чубак кем бекен"-деп баштаган окшойт Айтыке.Азаматсын дегенден башка эмне демекпиз,жакшы иш кылып атсан.Алга Кыргыз.
-2
mister_bond
2016-02-25 11:23:45
Кылса да жаман кылбаса да жаман айланайындар онололу келгиле иштегенди колдойлу ушундай жакшы жагына атаандаштык журо берсин атка минерлердин ортосунда.
+1
akyn-jurogu
2016-02-25 11:42:52
Бишкеке деле ушундай мерлерден жибергилечи мост сала турган...
+4
kamyr26
2016-02-25 13:01:11
akyn-jurogu,жардынго)))
0
gugu2727
2016-02-25 13:09:51
Арзандын тузу татыбайт деген соз бар жамандаш эмес оштогу буткон мост абдан сапатсыз курулган кудай сактасын
0
edik.toloikon
2016-02-25 13:55:48
миң аракет кылсаң дагы Мелис братка жетпейсиң да))
+3
Farm94
2016-02-25 20:06:39
Бул мэр баштайт кийинки мэр бутурот
+3
murat_12
2016-02-26 00:31:41
копуро эмес азмаз порядка куруш керек
+2
meerimma84
2016-02-26 11:14:31
Бабур атындагы концерт залчы озгортуш керек. МЭРиядагылар кулагынарга коргошундан сырга(кумуш)
+1
tavanova.sarah
2016-02-26 12:03:46
Маайли эми баштап алыпсынар. Элди кыйнавай батыраак бутургуло? Даагы кывырап тез эле 3-4 жылда бутуруп жибербей))
+1
bah_tee
2016-02-27 19:20:19
Жакшы го Мурдакы мерден калбай иштейн дегенго ушундан жазбасын. Бизде жакшы иштеген эле адамды иштен алып койчу эле мунуда алып койбосо болду
+1
sely
2016-03-02 18:52:31
Мелис мэр болуп турганда мындан да коп иштер бутмок. Шаарыбыз мурдагыдай таза эмес гулдорубуз мурдагыдай гулдобой жатат ал эми копурого келсек ал Мелистин баштаган иши.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан