ЭЛДИК КАБАР: 27-февралга караган түнү Жалал-Абадда шаардык прокуратуранын имараты өрттөндү

27-февралга караган түнү саат 01:30 чамасында Жалал-Абад шаардык прокуратурасынын имараты өрттөнүп кетти. Бул тууралуу окурман SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу билдирди.

ӨКМнын Өрткө каршы кызматынан кабарлашкандай, жалпысынан имараттын 460 чарчы метр аянты өрттөндү. Мындан тышкары андагы эмеректер жана айрым документтер күйүп кеткени маалым болду. Өрттүн чыгышынын себеби азырынча белгисиз.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

Жалал-Абадда шаардык прокуратура өрттөндү (27.02.2016)
Жалал-Абадда шаардык прокуратура өрттөндү (27.02.2016)
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (15)
MuslimNur95
2016-02-27 14:24:32
Сонку кабарды окуп деле болбой калдыго дагы не болуп кетти экен деп.
+6
Rifle_2
2016-02-27 21:42:31
MuslimNur95,валерианка ичип алып оку
0
SHATY
2016-02-27 14:25:42
Атайылап эле өрттөлгөнго деп ойлойм да...
+17
azazda
2016-02-27 14:33:58
Эмне болуп кетти дагы?(((
0
Mars55
2016-02-27 15:13:50
Документтерди сактап калды бекен .
+2
Zubi91
2016-02-27 15:22:13
ООО Докменттер жок болуптулда
0
Patriot..kg
2016-02-27 15:23:22
Атайынле өрттөлгөнго менимче
0
Mars55
2016-02-27 16:15:26
Оштогу паспорт столдун өрттөнүп кеткенине окшош эмесби?
0
asad345
2016-02-27 16:18:58
Негизи опшум эле прократуранын кереги жок
0
bond0202
2016-02-27 18:29:50
документтерди жок кылуунун оной жолу
+3
Arlenchik
2016-02-27 20:21:11
Документтерди жок кылыш учун кылышса керек да.
0
Rifle_2
2016-02-27 21:43:30
Акыркы күндөрү кайсы иштер кызып жаткан эле, ошол ишти жаап салыш үчүн өрттөлбөдүбү ?
+1
Alinur
2016-02-28 08:40:13
Кандай болсода жаман болуптур!
0
nurkasym-2014
2016-02-28 10:31:28
Бул орт атайын эле болгон болушу толук мумкун. Эмнеге кундуз чыкпайт орт.Тун ортосунда.Эмне учун.
0
Bars111
2016-02-28 22:24:58
Эч кыжаалат болбогула баардык документтердин электрондук вариянты болот. Башкы прокуратуранын имараты деле өртөнгөн го. Документтердин ( делолор) баары калыбына келтирилген го.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан