"Патриотпуз" дегендер кыздарга тартылган видеону өчүрүп салуу үчүн мейманканага чогуу барып жатууну жана 50 миң рубль берүүнү сунушташкан

Февраль айынын ортосунда Орусиянын Москва шаарында эки кыргыз кызын "башка улуттун жигиттери менен кафеде жүрөсүңөр" деп кармап, суракка алган үч жигит колго түштү. ИИМдин Москвадагы өкүлчүлүгү аларды Москва полициясына өткөрүп берди. "Патриотпуз" дегендер суракка алган кыздардын бири полицияга окуя тууралуу айтып берген. ИИМдин Москвадагы өкүлчүлүгү тараткан видеодо кыздардын бири балдар аларды суракка алгандан кийин мейманканага бирге барууну талап кылышканы жана ага кошумча 50 миң рубль сурашканы айтылат. Окуя быйыл 14-февралда "Марьино" метросундагы "Ариана" кафесинде болгон.

Кыздардын бири: "Балдар мени аябай таарынтышты, себеби ал кафеден чыгып, таксиге баратсак, балдардын бири "Чоң кыз, сен өзүң жакшынакай эле кыз экенсиң. Кел, мен видеону өчүрөм, сен бизди мейманканага алып барып тейлейсиң, 50 миң рубль бересиң" деп айтты. Мен алар менен мейманканага барып жатышым керек экен",- деп айтат видеодо. Анын айтымында, "патриоттордун" бири аталган кафеде администратор болуп иштейт.

Кармалган балдардын бири сурак учурунда: "Мындан ары мындай иш кылбайм. Бүткүл кыргыз элинин алдында кечирим сурайм. Ал жерде патриот эмесмин, бул патриоттукка жатпайт",- деп жооп берген. Экинчиси кыргыз жигиттерин мындай ишке барбоого чакырды.

Буга чейин ИИМдин басма сөз кызматынын өкүлү Эрнис Осмонбаев SUPER.KG'ге "патриоттор" ИИМдин Москва шаарындагы өкүлчүлүгү аркылуу изделип жатканын билдирген эле. Ошондой эле толук маалыматка ээ болуу үчүн эки кыз дагы изделип жатканын кошумчалаган.

"Патриотпуз" дегендерге кыздардын бири бетин видеого тартууга каршы чыкпай, кырдаалды түшүндүрүүгө аракет кылган. Талас облусунан болорун, эч кандай туура эмес жолдо эместигин айтып берген. Ал эми экинчиси жүзүн жашырган. Балдар кыздарды басынтып камерага тартышып, аларды ары-бери жулкулдатып кыйнашканын көрүүгө болот тасмадан.

Москвада өздөрүн "патриот" сезгендер кармалышты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (51)
beko.m
2016-03-02 08:01:19
Мен бир ушуларга окшогон "патриот" бала менен бир магазинде иштеп калдым.Жумушта отуруп озбек балдар менен магазинге кирген кыздарды коруп,сразу бироолорго чалып дайындай баштады.Ал кыздарды биринчи жолу коруп атат,билип билбей туруп ошентип видеого тартып,интернетке киргизип жатышпайбы!Дагы Бир таанышым биринчи класстан бери чогуу окуган озбек балага турмушка чыгып бир баласы бар, Россияда журот,ал да кочодо кенири басалбайбы эми...?билип билбей туруп кыздарды,кыргыздарды шерменде кылбагылачы!!
+11
Numberone
2016-03-02 08:28:18
койгулачы балдар калп эле журду деп озунор *атып журосунор озубуздун кыздар менен, ушундан коро олуп эле калсанар болмок экен.
+6
merim97
2016-03-02 08:50:25
Кыргыздын ыймансыз жигитине тийгенче турктун озбектин ыймандуу жигитине тийген жакшы.Шарийат уруксат берет
-5
NooKeN_KG
2016-03-02 10:08:10
merim97,
Тий базар жок!!! Кааласаң оруска тийип,
мусулман динине өткөзүп ал.

Бирок ошолордун колунда Оюнчук
Болбогулачы!!!
+1
nurik11-29
2016-03-02 09:38:15
аннааа эми кеенири журо берсин кыздар коркпой уркпой каалаган эркеги менен ....
-3
nurik11-29
2016-03-02 09:39:46
сен кайдан торолдун эле??????кыргыззз эмес окшойсунго
-2
Rednalf
2016-03-02 10:04:35
Жөн койгула билгендерин кылышсын эмне эле тажиктин таламын талашат алар?Тажигиң же өзбегиң (кыздардын ою боюнча)миң жакшы болуп,аларды сүйүп,алаканына салып,акча менен көмсө да(Кээ бир кыздар бакыт деп ушуну билет)Кыргыз жигитинин бир тал чачына тең боло алышпайт.Эгер бир нерсе болуп кетсе,(Кудай сактасын тынчтык болсун)Кайра эле сени кыргыз бала коргойт.Тажигиң келип жардам бербейт.Жазат десе эле оюңа келгенди жазба,омоктуу оюңб болбосо.Кыргыз болгонуңа,айланаңда кыргыз эле турганына кудайга тообо келтир
0
macho90
2016-03-02 10:31:22
Бир эле ал кыздын айтуусу боюнча чечим чыгарган туура эмеско мумкун очошуп жалган айтып аткандыр
-1
Rednalf
2016-03-02 10:48:53
ХХХ ХХХ ХХХ... Ага да мейли кырдаалга туура баа берип калыс ойду айтканды үйрөнгүлө демекмин.Ким эмне десе ошол жакка кете бербей.Кыргызстанда кыргыз жигитин таап алып эле чоң сүйлөйсүңөр,каалагандай башкарасыңар.Өз агасын агалай албаган,башканын эшигин сагалайт болбогула.
+1
admin_portal
2016-03-02 12:06:47
Rednalf - эскертүү!
Башкалардын улутун, динин жана башка нерселерин кемсинткен билдирүүлөргө тыюу салынат.
0
basyz-kaman.
2016-03-02 11:15:22
"Кыз бозуса энесин коркутат" деген макал элибизде бекеринен айтылып келбеген экен илгертен...
0
boston___
2016-03-02 11:38:54
Туугандар аллахым баарыбызга ыйман инсап берсин бирок чынын айтайын акыл эстуу айдай кыздар башкалар менен жургонун корсон менин деле эмес Атамбаевтин да жини келсе керек
+3
baba.
2016-03-02 11:43:46
Мындай ишти кылбай жургон балдар торго илинип калыптырда.Эки видеодо ар башка суйлоп жатышатко угуп корсонор.Кыздар потстава кылышканы билинип эле туратго ушул кыздар канча акчага иштешти экен.....потстава учун.
-1
Nukitaigoo
2016-03-02 12:35:40
Шантаж-бул. Балдар бетине коюп берди го Азерлер менен жургонун, и кийинки сурактагы жигиттер булар башкалар болуш керек
0
mikana
2016-03-02 12:48:17
кызды жыланач кылып алып патриоттор сурака алып жаткан видеону коргом.патриоттор да ушундай кылабы? булар патриот эмес эле айбандар. чечинген кызды корушуп оздору возбуждение болуп жыргашкандыр да айбандар. мындай нерсе кудайга жакпайт. Кыргызга мындай патриоттордун кереги жок.
-1
elya.choi93
2016-03-02 20:17:40
Бул го мейли просто сурашыптыр,хотя буга да ал алсыздардын акысы жок, мурдагы видеодо чечинтишип,урушуп,зордогон го, ошолордун баарын ушулардын моюнуна илишсин пусть башка эркек соройлорубуз коруп бир жерин кысып адамга окшоп оз жолунда журушсун
-1
JIGIT1
2016-03-03 04:43:02
Ишенбегиле бул кызга
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан