Февраль айынын ортосунда Орусиянын Москва шаарында эки кыргыз кызын "башка улуттун жигиттери менен кафеде жүрөсүңөр" деп кармап, суракка алган үч жигит колго түштү. ИИМдин Москвадагы өкүлчүлүгү аларды Москва полициясына өткөрүп берди. "Патриотпуз" дегендер суракка алган кыздардын бири полицияга окуя тууралуу айтып берген. ИИМдин Москвадагы өкүлчүлүгү тараткан видеодо кыздардын бири балдар аларды суракка алгандан кийин мейманканага бирге барууну талап кылышканы жана ага кошумча 50 миң рубль сурашканы айтылат. Окуя быйыл 14-февралда "Марьино" метросундагы "Ариана" кафесинде болгон.
Кыздардын бири: "Балдар мени аябай таарынтышты, себеби ал кафеден чыгып, таксиге баратсак, балдардын бири "Чоң кыз, сен өзүң жакшынакай эле кыз экенсиң. Кел, мен видеону өчүрөм, сен бизди мейманканага алып барып тейлейсиң, 50 миң рубль бересиң" деп айтты. Мен алар менен мейманканага барып жатышым керек экен",- деп айтат видеодо. Анын айтымында, "патриоттордун" бири аталган кафеде администратор болуп иштейт.
Кармалган балдардын бири сурак учурунда: "Мындан ары мындай иш кылбайм. Бүткүл кыргыз элинин алдында кечирим сурайм. Ал жерде патриот эмесмин, бул патриоттукка жатпайт",- деп жооп берген. Экинчиси кыргыз жигиттерин мындай ишке барбоого чакырды.
Буга чейин ИИМдин басма сөз кызматынын өкүлү Эрнис Осмонбаев SUPER.KG'ге "патриоттор" ИИМдин Москва шаарындагы өкүлчүлүгү аркылуу изделип жатканын билдирген эле. Ошондой эле толук маалыматка ээ болуу үчүн эки кыз дагы изделип жатканын кошумчалаган.
"Патриотпуз" дегендерге кыздардын бири бетин видеого тартууга каршы чыкпай, кырдаалды түшүндүрүүгө аракет кылган. Талас облусунан болорун, эч кандай туура эмес жолдо эместигин айтып берген. Ал эми экинчиси жүзүн жашырган. Балдар кыздарды басынтып камерага тартышып, аларды ары-бери жулкулдатып кыйнашканын көрүүгө болот тасмадан.