Испаниялык "Реал" футболдук клубу машыктыруучу Зинедин Зидандын ордуна башка машыктыруучу карап жатат. Клубдун жетекчилиги анын ишине канааттанбай жатканын чет элдик басылмалар кабарлайт.
Маалыматка ылайык, мадриддик клуб бул орунга италиялык адис, италиялык "Ювентус" футболдук клубунун учурдагы машыктыруучусу Массимилиано Аллегрини туура көрүп жатат. 48 жаштагы Аллегри менен сүйлөшүү иштери Чемпиондор Лигасынын жарым чейрек финалындагы жооптук оюндан кийин ("Бавария" - "Ювентус" беттеши) башталат. Клуб жаңы машыктыруучуга 3 жылдык келишим сунуштап, жылына 7 миллион евро маяна төлөөгө даяр.
Ал эми "Ювентус" Аллегри менен коштошууга даяр эмес. "Юве" анын маянасын 2 эсеге көтөрүүгө даяр (анын учурдагы жылдык маянасы 2,4 миллион еврону түзөт).
Мадриддик клуб максатына жетпей кала турган болсо, машыктыруучулук кызматка Маурисио Почеттино (англиялык "Тоттенхэмдин" машыктыруучусу) же Йоахим Лёв (Германия курамасы) чакырылат.
Белгилүү аргентиналык футболчу жана машыктыруучу Диего Марадона да бул кызматка өз талапкерлигин сунуштоодо. Ал кызматка дайындалса, бразилиялык футболчу Неймарды мадриддиктердин курамына кошорун жана Испания биринчилигинде "Барселонаны" артта калтырарын убада кылууда.