Москвадагы кыргыз мигранттары Кыргыз Республикасынын Орусиядагы элчилигинин ишине нааразы. Муну окурман бүгүн, 10-мартта SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу кабарлады.
"Элчилик кыргыз жарандарына так, толук маалымат бербей кыйнап жатышат. Кызматкерлер иш орундарында жок. Келген кыргыздар канааттандырарлык жооп ала алышпай баары нааразы. Мен балама "вкладыш" алуум керек болчу, документтерди тапшырдым. Бирок "Качан, кантип алам?" десем, "номериңе чалабыз, мүмкүн, бир жума..." деп туңгуюкка калтырды. Мен билетти 12-мартка алышым керек эле. Элчиликтин абалы ушундай",- дейт окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.